super.kg logo

Хабаровск шаарында кыргызстандыктар эгемендүүлүктүн 23 жылдыгын белгилешти

 

31-августта Орусиянын Хабаровск шаарында жашаган кыргыздар Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн белгилешти. Бул тууралуу аталган шаардан Гүлназ Бакирова билдирди.

Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө кыргызстандык эмгек мигранттарынын арасында футбол мелдеши орун алды. Анда 6 курама оюн көрсөтүп, “Владивосток” тобу баш байгеге татыса, 2-орунга “Бурана”, үчүнчү болуп “Ала-Бука” топтору жеңишке жетишти. Майрамдын экинчи бөлүгү шаардагы ири ресторандардын биринде өттү. 

Кыргызстандан атайын конок катары чакырылган ырчылар кеченин меймандарына өнөрлөрүн тартуулап, көңүлдөрүн ачышты. Заманбап түрдө жайылган дасторкондон даам сызып, бешбармак жеп, кыргыз ырларына бийлеп, оюн ойноп, белек уткан кыргызстандыктар үчүн Эгемендүүлүк күнү мыкты майрам болду.

Ыраакы Чыгыштагы Кыргызстандын консулу Кадырбек Мырзабаев: “Хабаровск шаарында төрт миңге жакын кыргызстандык бар. Өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнүндө, Ноорузда жана башка майрамдарда ар дайым ушинтип чогулуп, спорт мелдештерин жана башка оюн-зоокторду уюштурууну салтка айландырып алганбыз. Жыл сайын 31-августта Кыргызстандан ырчыларды чакырып, бул жактагы мекендештерибизге концерт уюштуруп беребиз. Алдыда Ыраакы Чыгыштагы кыргызстандыктар үчүн атайын маданий борбор ачып, иш алып баруу планыбыз бар”,- деди. Консулдук иш алып барган аймакта жалпысынан оң миңден ашык кыргызстандык жашап жана иштеп жүрүшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: