super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Коомдун интеллектуалдык ресурсун өнүктүрүү мамлекет үчүн өтө маанилүү"

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады. Куттуктоодо илим-билимдин орду баса белгиленет. 

"Урматтуу мекендештер! Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан Билим күнү – жаңы окуу жылынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм!

Өлкөбүздө билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканы бекеринен эмес. Кыргызстандын бакубат келечегин түптөө жаштарыбызга татыктуу билим берүү, илимдин алдынкы жетишкендиктерин жана жаңы технологияларды өздөштүрүү менен тыгыз байланышкан.

Коомдун интеллектуалдык ресурсун өнүктүрүү биздин мамлекет үчүн өтө маанилүү. Келечек ээлерине жетиштүү билим менен кошо татыктуу таалим-тарбия берип, талыкпай эмгектенип келаткан устаттарыбызга чын ыкластан алкыш айтабыз.

Билим жолу – татаал, бирок баарыбызга илгери үмүт байлаган бакубат жол. Жолуңуздар шыдыр болсун! Жараткан алдыга койгон ой-максатыңыздарды орундатсын. Сиздер менен өнүккөн Кыргызстанды курабыз! Дагы бир ирет Билим майрамыңыздар менен!"- дейт спикер. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: