super.kg logo
  Саясат  

Валерий Диль “Сүлүктү шахта курулуш” көмүр ишканасынын иши менен таанышты

 

Баткен облусу боюнча иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Валерий Диль 31-август күнү Сүлүктү шаарындагы “Сүлүктү шахта курулуш” көмүр ишканасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ишкананын башкы директору Ырыспек Жураев вице-премьер-министрге маалымдагандай, учурда шахтада эки өтмөк бар, анын бири даярдалууда, ал эми кийинкисинде көмүр казылып жатат.

“Көмүр негизинен жер алдынан казуу ыкмасы менен алынууда. 2014-жылы 15 000 тонна көмүр казып алуу пландаштырылып жатат. БК маркасындагы 1 тонна көмүрдүн баасы 5400 сомду түзсө, БСШ маркасындагы көмүр 2000 сомду түзөт. 1-августка карата 7413,0 тонна көмүр өндүрүлсө, 2013-жылдын ушул мезгилине карата 10496,4 тонна көмүр казылган. Өндүрүштүк запас 1 миллион 867 миң тонна көмүрдү түзөт. Ошондой эле быйылкы жылы өз күчүбүз менен кыш жасоочу ишкана курганбыз, ал суткасына 25,0 миң даана кыш чыгарат. Бул бизге 50 жаңы жумушчу орун түзүүгө мүмкүндүк берди",- деди Ырыспек Жураев.

Андан соң вице-премьер-министр жергиликтүү калк менен жолугушуп, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү, биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча түшүндүрмө берип, ошондой эле жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: