Эмгек, миграция жана жаштар министри Бишкектеги №68-орто мектепте ачык сабак өттү
Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов Бишкек шаарындагы №68-орто мектепте ачык сабак өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ал окуучуларды жана ата-энелерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. “Мамлекет билимдин сапатын жакшыртууга жана бүгүнкү күндүн талабына жооп берген шарт түзүү аракетин көрүп жатат”,- деди ал. Ошондой эле министр окуучуларга келечекте кесипти туура тандоо керектигин эскертти.
Андан тышкары А.Алымкулов №10-кесиптик лицейинин тарбиялануучуларын да Билим күнү менен куттуктап кайтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26
16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.