super.kg logo

Бишкекте Семён Чуйковдун “Советтик Кыргызстандын кызы” аттуу эмгегин заманбап стилде тартышты

 
“Советтик Кыргызстандын кызы” аттуу сүрөттүн жаңы вариантында кыз китептин ордуна планшет кармап турат.
№12-мектеп-гимназиясы.
Семён Чуйковдун "Советтик Кыргызстандын кызы" аттуу эмгегинин заманбап варианты.
Семён Чуйковдун "Советтик Кыргызстандын кызы" аттуу эмгеги.

Бишкек шаарындагы №12-мектеп-гимназиясынын 4 кабаттуу имаратынын дубалына белгилүү сүрөтчү Семён Чуйковдун “Советтик Кыргызстандын кызы” аттуу эмгегин заманбап стилде тартышты. 12 метрге жеткен заманбап сүрөттүн үстүндө бишкектик Сергей Киллер, Евгений Макшаков жана Дмитрий Петровский өңдүү стрит-арт сүрөтчүлөрү бир жума иштешкен. 

Орус peaлисттик сүрөт өнөрүнүн алдынкы салттарына таянып кыргыз элинин турмушун, башкача айтканда, карапайымдардын образын биринчи планга коюп, чыгармаларында турмуш көрүнүштөрүн көлөмдүү көркөм формалар аркылуу сүрөттөгөн Чуйковдун бул эмгеги түп нускасынан айырмаланат. Анда кыргыз кызына китептин ордуна планшет карматып, кулагына кулакчын (наушник) тагып, жайык талаанын ордуна жаштар кезигүү дайындаган “Кыргызтелекомду” тартышкан.

Бул сүрөт коомчулукта талкууга алынып, кээ бири "азыркы заман талабына ылайык тартылган" деп сүрөтчүлөрдүн позициясын колдошсо, кээ бири "түп нускасын калтырса, белгилүү сүрөтчүнүн ушундай эмгеги бар экенин таанып жүрүшмөк" дешсе, айрымдары Семён Чуйковду тааныбаганын айтышып, сүрөткө маани беришкен жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
02.09.2014. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурункуну эле жанылап койсо болмок
02.09.2014. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: