Каракол шаарында маршруттук таксинин жол киреси 7 сомдон 10 сомго көтөрүлдү
1-сентябрдан тарта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында маршруттук такси кызматынын баасы 3 сомго кымбаттап, эми 7 сом эмес, 10 сомго барабар болуп калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Каракол шаардык кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Нургазы Аматов
Маалыматка ылайык, жол киренин кымбаттоосу ушул жылдын 24-июлунда Караколдун шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынган. "Караколдун мэринин (Рыскул Калыгулов - ред.) сунушунун негизинде тиешелүү комиссия бул маселени карап чыккан. Андан соң шаардык кеңеш өз сессиясында маршруттук таксинин жол киресин кымбаттатуу боюнча чечимди кабыл алган. Ага ылайык, 1-сентябрдан тарта жол киренин баасы жарандарга 10 сом, 5-класска чейинки мектеп окуучуларына 5 сом, пенсия алуучуларга 5 сом болду",- деп түшүндүрдү басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
aigulai

01.09.2014. 17:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайран эл бир кезде шайлады эле депутаттарын чон умут кылып алар элге жакшы белек тартуулады. Откон жылы суунун баасын эки эсе которуп берсе, быйыл траспорттун баасын жогорулатты. Дагы кандай сюрприздер турду экен Караколдуктар учун.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.