Кыргызстандагы айрым унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар
Кыргызстандагы айрым унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар экендигин ӨКМ кабарлады. 23-январдан 25-январга чейин жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137- жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90- жана 145-150-чакырымдарында, Ысык-Көл облусунун Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү болушу күтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.