Футболчулар Байматов менен Мурзаев оорудан жабыркаган 11 жаштагы Андрейге улуттук кураманын футболкасын белек кылышты

29-августта Кантта футбол боюнча Кыргызстан курама командасы менен “Наше пиво” клубунун ортосунда жолдоштук беттеш болду. Беттештен кийин футболчулар Азамат Байматов менен Мирлан Мурзаев шал өнөкөтүнөн жабыркаган 11 жаштагы Андрейге улуттук кураманын футболкасын белек кылышты. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстан курама командасы учурда 5-сентябрда Казакстан курамасы менен боло турган жолдоштук беттешке даярдык көрүп жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Жана коомдук адепке туура келбеген сөздордү жазууга тыюу салынат.