Бүгүн Таласта жаш активисттер митинг өткөрүшөт
Бүгүн, 2-сентябрда Талас шаарында жаш активисттер митинг өткөрүшөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына активист Мавлян Аскарбеков билдирди.
Айтымында, митингде Таласта милиция тарабынан кармалган балдарды бошотуу талабы айтылат.
“22-августта биз Талас шаарында курултай өткөргөнбүз. Ошого байланыштуу милиция кызматкерлери жашыруун эле биздин жигиттерди кармап кетип жатат. Учурда 6 жигит убактылуу кармоочу жайда. Эми биздин аракеттерди токтотуу максатында кармап жаткандыктан, биз аларды бошотуу талабын коёбуз”,- дейт Аскарбеков.
Талас шаардык ички иштер органдары "балдарды апрель айында Боо-Терек айылындагы жол тосуу окуясына байланыштуу кармадык” деп маалымат беришүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

