Бишкекте унаа уурдоо фактысына шектелип 2 жаран кармалды
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан унаа уурдоо фактысына шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы бүгүн, 2-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын 44 жаштагы Т.Мухтар аттуу тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар короосунда токтоп турган Мерседес-Бенц унаасын уурдап кетишкенин айткан.
Иликтөө иштеринин жыйынтыгында аталган кылмышка шектүү катары 18 жаштагы Ильяз жана 19 жаштагы Нуржигит кармалган. Ошондой эле алардын буга чейин да ушуга окшогон кылмыштарга барып жүргөндөрү аныкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.