super.kg logo

Сентябрда бензиндин баасынын 5 пайызга кымбатташы күтүлөт

 

Сентябрда Кыргызстан боюнча бензиндин баасынын 5 пайызга көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда маалымат жыйынында КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирди.

Анын айтымында, мунайпродукт таңсыктыгына байланыштуу Орусиянын күйүүчү май рыногунда абал оор бойдон калууда. “Тилекке каршы, бензиндин баасы өсүүдө, бирок дизелдин баасы бир аз болсо да арзандаган”,- деди ал.

“Баалардын өсүшүнө сезондук керектөөлөрдүн көбөйүүсү себеп болууда. Мындан тышкары мунай өндүрүүчү ишканалардын кышка карата пландык оңдоо иштерине байланыштуу токтотулуп, мунайды кайра иштетүүнүн кыскарышы себеп болгон”,- деди Керимкулов.

Андан соң ал АКШ долларынын курсу сомго жана орусиялык рублга карата бекемделгени да күйүүчү майдын кымбатташына себеп экенин баса белгиледи. “Ошондуктан сентябрь айында бензиндин чекене баасынын 5 пайызга чейин өсүүсү күтүлөт. Ошол эле учурда дизель отунунун баасы 1-2 пайызга төмөндөйт”,- деп түшүндүрдү ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
02.09.2014. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тажиктерге кеткен бензобуздарды токтотсонор арзандайт кунуго болбоду дегенде бешо отот 60 тонналык эсепте кунуно 300тонна бензин кирип кетип жатат бул кимдин саясаты телевидениядан айта берсенер эл ишенет да булда бизнес дегиле андан кору кыматайт дебей.тажиктерде аи 80 ушул кундо 85 90 сом биздин акчага бизде 48 49 аи80 эми ойлоп коргуло канча кирешелуу элди алдаш керек оздору байыш керек ортодо карапайымга эле кыйын бакивдин убагында 25 сом болчу азаматсынар жей бергиле жердин астында да жооп
02.09.2014. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Улуу урматтуулар кыйналбай эле 50сом кылып койгула эртерээк байып алгыла. Карапайым эл чыдайбызда башка айла барбы?
02.09.2014. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шаайлого акча чогулталбай жатасыңарбы эл көтөрө берет барын ушундай жол менен кете берсек өтө катту от чыгат жакынкы арада элди ойлойсуңарбы атка минерлер бөлөк элдин чоңдору элим дейт экен силер кандай немесиңер билбейм
03.09.2014. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх бул алдамчы ашанын командасынан качан кутулат экенбиз. Тажиктерге бензинди чыгарбаса арзандайт эле, бирок ал жонундо ойлонгулары деле келбейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: