Ажылык сапарга аттангандар Ош шаарынан 9-сентябрда учушат
Быйыл ажылык милдетин аткаруу үчүн Меккеге карай жол тартып жаткан жарандардын алгачкы тобу 8-сентябрда борбор калаадан кетет. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Ош шаардык казыятынан маалымдашты.
Ажылык сапарга кетүүгө саналуу күндөр калгандыгына байланыштуу учурда даярдыктар кызуу жүрүп жаткандыгын, жалпы 12 каттам болорун Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев кошумчалады.
Ал эми 9-сентябрь күнү Оштон ажылыкка аттанып жаткан жарандар жөнөшөт. Айта кетсек, каттамдарды тендердин жыйынтыгында утуп алган "Fly Dubai" компаниясы ишке ашырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26
16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.