super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу боюнча чара көрүү кызматынын өкүлдөрү медаль менен сыйланышты

 

Кечээ, 1-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде мекеменин 8 ай ичинде аткарган жумуштарын жыйынтыктаган атайын жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов аталган мезгилде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында министрликтин аткарган жумуштарына токтолуп, жетишкендиктерди жана бир катар кемчиликтерди белгиледи. 

“Кырсык айтып келбейт, каржынын тартыштыгына карабай алдын алуу жана калыбына келтирүү иштерин кечиктирбестен аткарышыбыз керек. Ал эми өз милдеттерин так аткарып, жоопкерчиликти сезген кызматкерлердин эмгегин белгилеп кетпесек болбойт”,- деди министр.        

Жыйындын сонунда, министрликтин буйругуна ылайык, Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинин директору Асылбек Закиров министрликтин “Аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн” медалы менен ал эми Өзгөчө кырдаалга чара көрүү түндүк борборунун башчысы Мирусс Эгембердиев “Өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюуга катышкандыгы үчүн” төш белгиси менен сыйланышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: