Таластагы митинг. Облустук ички иштер башкармалыгы: "Кармалгандарды бошотууну сот чечет"
3-апрелде Талас облусунун Бакай-Ата районунда жашоочулар митингге чыгышкан.


3-апрелде Талас облусунун Бакай-Ата районунда жашоочулар митингге чыгышкан.

Алар “Шыраалжын” кенин жабуу талабын коюшуп, кийин Боо-Терек айылында Талас – Тараз унаа жолун бууп салышкан.

Бул учурда милиция кызматкерлери элди таратууга аракет кылышкан. Бирок чогулган эл көнбөгөндүктөн, эки тараптын ортосунда кагылышуу чыгып, эки милиция кызматкери сабалып, бир унаа өрттөлгөн.
Бүгүн Талас ОИИБинин имаратынын алдында Бакай-Ата районунун тургундары 1-сентябрда милиция тарабынан кармалган Минур Сейталиевди жана Бакай-Ата районунун эки тургунун бошотууну талап кылышып митингге чыгышты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Бул боюнча Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Абысеитов: "Имараттын алдында 60тай адам турат. Алар буга чейин мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар деп кармалгандарды бошотууну талап кылышууда. Алардын баш коргоо чарасы менен же эч жакка чыкпоо талабы менен бошотулушун сот чечет. Бүгүн бул ишти сот карашы мүмкүн",- деп билдирди.
Кошумчалай кетсек, апрель айында Таласта жергиликтүү тургундардын "Шыраалжын" алтын кенин жабуу боюнча маселе көтөрүп, митингге чыгышкан. Анда жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп, ИИМдин ошондо тараткан маалыматы боюнча 19 милиция кызматкери түрдүү жаракаттарды алышкан. Ошол митингдин жүрүшүндө автоунаа өрттөлгөн. Милиция ушул окуя боюнча Минур Сейталиевди күнөөлөп кармаганы маалым болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.