super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Түрк дүйнөсүнүн инженерия, архитектура жана шаар куруу боюнча 6-курултайы өтөт

 

Бишкек шаарында 2-сентябрдан 7-сентябрга чейин Түрк дүйнөсүнүн инженерия, архитектура жана шаар куруу боюнча VI курултайы өтөт. Курултайдын темасы - “Материк ашкан долбоорлор”. Иш-чара президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен өтмөкчү. Түрк дүйнөсүндө ыңгайлуу, кооз жана мартабалуу шаарларды курууну максат кылган курултайда инженерия, архитектура жана шаар куруу боюнча орток түрк стандарттары тууралуу кеңештин жыйыны өтөт. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 50 жылдыгына татыктуу даярдануу максатында “Бишкек шаарынын генералдык планынын 100 жылдан кийинки реабилитация долбоору” деп аталган эл аралык сынак жарыяланат. Мындан сырткары курултайдын алкагында “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине зыярат кылуу, Осмон империясынын оркестри "Мехтер" маршынын концерти, "Мехтеран" концерти менен салттуу темир усталардын парады, “Ататүрк” сейил багынын реставрациядан кийинки ачылыш салтанаты, түрк дүйнөсүнүн жергиликтүү башкаруу жана шаар куруу көргөзмөлөрү, маданият жана искусство көргөзмөлөрү, "ТҮРКСОЙдун" Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган концерти, ат оюндары жана башка иш-чаралар өткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: