Ак-Талаа токой чарбасынын башчысына кылмыш иши козголду
Нарын облусунун Ак-Талаа райондук прокуратурасы Ак-Талаа токой чарбасынын директоруна (Э.К.) кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Башкы прокуратурадан билдиришти. Токой чарба башчысы кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу, дарактарды мыйзамсыз кыюу фактысы боюнча айыпталууда. Ал айлана-чөйрөнү коргоо боюнча аймактык органдар менен макулдашпай туруп токой чарбанын аймагынан 53 даана бай терек кыюуга буйрук бергени айтылды. Мунун айынан мамлекетке 51 878 сомдук зыян келтирилген. Факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
Рейтинг:
0

