super.kg logo

Жарандык активисттер Бишкекте курулуштарга мораторий киргизүүнү талап кылып, Ак үйдүн алдында тынчтык митингин өткөрүштү

 
Калича Умуралиева
Асия Сасыкбаева бул маселени парламентте көтөрөрүн айтты.
Ирина Карамушкина митингге чыккандардын талабын укту.
Коопсуздук кызматкерлери...
Галина Скрипкина жана Ирина Карамушкина.

Бүгүн, 2-сентябрда жарандык активисттер, “Наше право” коомдук фондунун мүчөлөрү Бишкекте курулуштарга мораторий киргизүүнү талап кылып, Ак үйдүн алдында тынчтык митингин өткөрүштү.

Аталган фонддун башчысы Калича Умуралиеванын айтымында, бийлик соттун чечимдерин көзөмөлгө алышы керек болчу. “Бүгүнкү күндө ЖКнын депутаттарынын жарымы курулуш иштери менен алектенишет. Соттор да чечимди алардын пайдасына чечип берип жатышат. Эгер сот мыйзамга каршы келген чечимдерди чыгарып жатса, биздин мамлекеттүүлүгүбүз кайда? Бишкек шаардык каттоо кызматынын башчысын, Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчыларын кызматтан алууну талап кылып жатабыз. Алар мыйзамсыз жер тилкесин бергенден башка иш кылышкан жок”,- деди ал.

Тынчтык митингинин уюштуруучулары менен ЖКнын депутаттары Асия Сасыкбаева, Ирина Карамушкина жана Галина Скрипкина чыгып жолугушуп, талаптарын угушту. “Бул маселе абдан көйгөйлүү. Парламентте көтөрүш керек. Ар бир маселе боюнча чечим чыгарып, өз жардамымды бергенге аракет кылам”,- деди аларга депутат Асия Сасыкбаева. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: