super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: “Электр энергияны үнөмдөөдө үч фаза менен үйлөрүн жылуулаткан абоненттерге тыюу салуудан башка жол жок”

 

Бүгүн, 2-сентябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин жетекчилигинин астында өкмөттө жыйын өтүүдө. Ага вице-премьер-министрлер, министрлер, облустук администрациялардын башчылары жана шаар мэрлери катышууда. Иш-чаранын жүрүшүндө Оторбаев: “Электр энергиясын үнөмдөөдө үч фаза менен үйлөрүн жылуулаткан абоненттерге тыюу салуудан башка жол жок. Быйыл Чүй облусу жана Бишкек шаары электр энергияны июль айына чейин чектен ашык колдонушту. Бишкек саатына 60 миллион киловатты ашыгы менен пайдаланды”,- деди.

Андан соң премьер-министр облус башчыларына үч фаза менен жылуулатылган ар бир үйгө барып пломба коюуну буюрду. “Эгер биздин буйруктарга көңүл бурбай, баш тарта берсеңер, кыш мезгилинде элге кыйын болот. Айта кетсем, жаңы лимит киргизүү боюнча да өкмөт токтом даярдап жатат”,- деп кошумчалады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: