"Быйыл 2,3 миллиард киловатт-саат электр энергиясын үнөмдөшүбүз керек" дейт Осмонбек Артыкбаев
Суунун көп өлчөмдө жетишсиздигине байланыштуу 2015-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычындагы суунун болжолдуу көлөмү 12 миллиард эмес, 7,1 миллиард метр куб болот. Муну 2-сентябрдагы өкмөттүк жыйында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди. Министр мунун кесепетинен быйыл 2,3 миллиард киловатт-саат электр энергиясын үнөмдөө зарыл экенин кошумчалады. Маалыматка таянсак, быйыл Кыргызстан Тажикстандан 212 миллион киловатт-саат электр энергиясын импорттойт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

