Депутаттар калдык болуп турган дарыларды кошумча нарк салыгынан бошотуу сунушун четке кагышты
Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 2-сентябрда "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карады. Мыйзам долбоору мындан эки жыл мурда алынып келинип, калдык болуп туруп калган дары-дармектерди салыктан арачалап калууга багытталган. Бирок долбоор комитеттин мүчөлөрү тарабынан да колдоо тапкан жок.
Комитет төрагасы Карганбек Самаков: "Эки жыл мурунку, колдонуу мөөнөтү да өтүп бара жаткан, калдык болуп калган дары-дармектерди кошумча нарк салыгынан бошотуп коёлу деп келген өкмөттүн позициясы туура эмес",- деди.
Комитет жыйынында 4 мыйзам долбоору толуктап иштеп чыгуу үчүн кийинки апталарга жылдырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















