"Кыргызстанда быйыл 2008-жылкыдай энергетикалык көйгөй кайталанышы мүмкүн" деди энергетика министри
Өкмөттө 2-сентябрда өткөн жыйында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев Кыргызстанда учурда электр энергиясынын 65 пайызын эл, 25 пайызын өндүрүш ишканалары пайдаланып жатканын айтты. Министрдин билдиришинче, кышкысын 71 миллион киловатт-саат электр энергиясы турмуш-тиричиликтик секторго жумшаларын билдирди. "Кышында электр энергиясынын 48 пайызы жылытуу үчүн турмуш-тиричиликтик тармакка пайдаланылат. Электр кубаты жетишсиз. Эгер туура саясат жүргүзсөк, ар бир үйдө свет болот, болбосо энергетика тармагындагы 2008-жылкы көйгөй кайталанышы мүмкүн",- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
-1
-1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















