super.kg logo

Ысык-Ата районунун Туюк капчыгайында 200 жылдан ашык жашаган карагай, арчалар күйүп кетти (фоторепортаж)

 
Унаалар ушул жерге чейин гана келе алышат. Өрт болуп жаткан жерге жетүү үчүн дагы 7 чакырымды жөө басып өтүүгө туура келет.
Өрт өчүрүү иштерине жардамдашуу үчүн жергиликтүү тургундар да келишти.
Өрт өчүрүү иштерине жардамдашуу үчүн жергиликтүү тургундар да келишти.
Ээсин ээрчип келген Белый.
Тилсиз жоо 4 күндөн бери токтой элек. Болжол менен 1000 гектарга жакын жайыт күйүп кетти.
Өрт өчүрүп, чарчаганынан уктап калган жергиликтүү тургун.
Туюк капчыгайындагы чоң таш. Бул жакта уюлдук байланыш тартпагандыктан, рация менен байланышат.
Эс алып отурушкан өрт өчүрүүчүлөр.
Тилсиз жоонун кесепетинен куураган чөп, бадалдар күйгөн.
Жарымы күйүп калган арча.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн куралы.
Кечкисин 20-30дай адам кароолдо турат.

Ысык-Ата районунун Туюк капчыгайындагы өрттү өчүрүү иштери 4 күндөн бери жүрүп жатат. Кечээ, 2-сентябрь күнү аны өчүрүү иштерине биз да күбө болуп кайттык. Өрт болуп жаткан жерге жетүү үчүн 7 чакырым аралыкты жөө басып өтүүгө туура келди. Барганыбызда тоо боорлорунда колуна күрөк, шапалак көтөрүп өрттү өчүрүп жаткан адамдарга жолуктук. Алар тарабынан тилсиз жоо көзөмөлгө алынганы менен, айрым жерлер жалындап күйүп жатты. Анын токтобой жатышына бир жагынан күндүн ысыктыгы жана шамал себеп болсо, экинчи жагынан тоо кыркаларына суу жеткирүү маселеси себеп болууда.

“Тилсиз жоонун келип чыгуу себептери иликтенип жатат. Азырынча аныктала элек. Ал жакка малчылар менен мергенчилерден башка эч ким барбайт. Айрымдар бөтөлкөнүн сыныктары дагы өрттүн келип чыгышына себеп болушу мүмкүн дешүүдө. Учурда өрт өчүрүүчүлөр, куткаруучулар, токой чарбасынын кызматкерлери, жергиликтүү эл, жалпысынан 150дөн ашык адам өрттү өчүрүү иштери менен алек болушууда. Кечкисин дагы 20-30дай бала ошол жакта түнөшөт. Өрттүн кесепетинен 1000 гектарга жакын жайыт күйүп кетти. Арасында 200 жылдан ашык жашаган карагай, арчалар да бар”,- деди Ысык-Ата районунун акими Бактыбек Кудайбергенов






Ысык-Атадагы өрт токтой элек

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
03.09.2014. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тилсиз жоонун кесепетинен куураган чөп, баЛдалдар күйгөн. бадалдар куйуптур.
03.09.2014. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
profesor, бул да чондордун кайдыгерлиги өкмөт маске жок дегенде 2вертолет алып бербейби шерменде болуп акча талашпай мисалы Москвада кокус өрт чыкса вертолет менен заматта өчүрүшөт оор жарадарларды больницага вертолет менен жеткирет МЧСтин вертолету менен аттиң акчам болгондо МЧСке 2 вертолет алып берет элем
03.09.2014. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Eki Narynda da tokoi orttonup kancha kun ochuro albay kyinalyahty. Tokoylor bizdin baylygybyz, kelechek muundardyn baylygy. Es algany barganda etiyat mamile kylyp, ot tutanyp kete turgan nersenin baaryn tazalap keteli.
03.09.2014. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суу жок болуп жетишпей жатса,ортту вертолет менен очургонго сууну кайдан алышат,вертолетко керосинди кайдан алышат,дагы жакшы машиналары бар экен жок болгондо ат,эшек менен барышмак экен.)))
03.09.2014. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол малчылардын тамекисинин чогу эле тушуп, буттугун жайлады да. Эмесе ал жакта кандай орт чыкмак эле? Мекенибизди козубуздун карегибиздей сактайлычы.
03.09.2014. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жети кундон-бери ортонуп жатса чондор эмне кылып-журот жакшылап киришпейби ишке вертолет мн очурсо болбойт бекен
03.09.2014. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундайда нөшөрлөгөн жаан жаап жиберсе болбойт беле, биздей жаңыдан телчигип келе жаткан мамлекетке жардам кылып...
Бирок ар качан, кайда болбойлу, бардык нерсеге эң биринчи этият, аяр болсок...
SUPER.KG видео
05.09.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жыйынтыгы кандай болоору ото кызык мага. Токтотуунун айласын табыш керек го!
SUPER.KG видео
05.09.2014. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир адамдын шалаакылыгы канча адамды убарага салды. Эн кейиштуусу жаратылышка орду толгус зыян келтирилгени.
SUPER.KG видео
09.09.2014. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кейиштуу кабар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: