Депутаттар президенттин парламентке карата айткан сын-пикирине тынчсызданып жатканын айтышты
Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев: "Президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттин дарегине айткан сын-пикирине тынчсызданып жатабыз",- деп билдирди. Ошондой эле спикер Асылбек Жээнбековдон ЖКнын 4 жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча баяндама берүүнү суранды. “31-августта президент "Ала-Тоо" аянтында "парламент өзүн дискредитация кылып алды" деп айтты. Бул парламенттин дарегине айтылган катуу айып. Мен эч кимди жамандабайм, бирок, Асылбек Шарипович, депутаттардын 4 жылдык иши боюнча баяндама берип коюшуңуз керек”,- деди депутат.
Спикер ушул жылдын октябрь айында депутаттардын төрт жылдык иши тууралуу баяндама бериле турганын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

