super.kg logo
  Саясат  

Өлкө башчы аскер кызматкерлерине курулган үйлөрдүн короосуна дагы үч селкинчек орнотууну буюрду

 
Бүгүн, 3-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Коргоо министрлигинин офицерлерине жаңы курулган батирлердин ачкычтарын тапшырат. Салтанатта өлкө башчы Бишкектин Жал кичи районунда аскер кызматкерлерине курулган үйлөрдүн короосуна үч селкинчекти орнотууну буюрду. 
"Балдар талашып кетпеш үчүн дагы 3 селкинчек тургузуш керек деп ойлойм. Буга өзүм акча каражат бөлүп берейин. Селкинчектерди орнотуу иштерин көзөмөлдөөнү Башкы штабга жана президенттик аппаратка тапшырам",- деди ал. 
Айта кетсек, 2011-жылдын 24-апрелинде Кытай менен Кыргызстандын Коргоо министрликтери көп кабаттуу үй куруу боюнча долбоорго кол коюшкан. Жалпысынан 108 батир берилет. Офицерлерди 12 адамдан турган атайын комиссия тандап алган. Көп балалуу жана аскердик жетишкендиктерине карап батир берүү чечими кабыл алынган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: