Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курамасы жолдоштук беттеште олимпиадалык кураманы 1:0 эсебинде утуп алды

Кечээ, 2-сентябрда Бишкекте футбол боюнча улуттук курама команда менен олимпиадалык курамдын ортосунда жолдоштук беттеш болду. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, беттеш Футбол федерациясынын алдындагы Футбол борборунда өтүп, жеңишти 1:0 эсебинде улуттук курама команданын оюнчулары камсыздашты. Голду махачкалалык “Анжинин” курамында Орусиянын 1-лигасында ойногон Валерий Кичин (сүрөттө) 11 метрлик айып соккусунан киргизди.
Кошумчалай кетсек, бул беттеш 5-сентябрда Казакстан курамасы менен жолдоштук оюн ойной турган улуттук курама команданын даярдыгынын алкагында орун алды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.