super.kg logo
  Саясат  

Дамира Ниязалиева Рапопорт аллеясынан дарактардын кыйылышына өкмөт кечигип чара көргөнүн сындады

 

"Өкмөттүн Бишкек - Чолпон-Ата жолунун боюндагы бак-дарактын баарын кыйып салгандан кийин бул ишке тыюу салган жарлыгын айтып чыгышынын кандай кереги бар?" Муну бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева айтты. “Биринчи жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жергебизде өтүп жатышы өтө жакшы жөрөлгө, бирок мындай чоң иш-чара өткөрүүдө оюндун өтө турган жерин, керек болсо унаа токтоочу жайларына чейин эсептеп туруп иш баштаса болмок”,- дейт ал.

Депутат 1926-жылдан бери өсүп, кылым карыткан бак-дарактарды кыюуну тарыхка балта чабуу катары эсептей турганын билдирди. “Аллеядан калган дүмүрлөрдү көрүп жүрөгүм ооруду. Бул жергиликтүү тургундардын дагы чоң нааразычылыгын туудуруп жатат. Кайсы жетекчи ушундай чечим чыгарса, жоопкерчиликти керт башы менен тартышы керек”,- деп кошумчалады Ниязалиева.

Эскерте кетсек, буга чейин активист Атай Садыбакасов аталган аллеяда дарактар кыйылып, ордуна Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата унаа токтотмо курулуп жатканын айтып чыккан. Атай мырза интернет баракчасы аркылуу өзүнө коркутуу болуп жатканын, бул аллея маселесине байланышы болушу мүмкүн экенин да жарыя кылган эле.

Кечээ, 2-сентябрда вице-премьер-министр Эльвира Сариева дарактарды кыюу ишин токтотуу буйругун берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: