20 жыл бою батирлеп жүргөн аскер офицерлери жаңы батирлер үчүн ыраазычылыгын билдиришти (фоторепортаж)
Бүгүн, 3-сентябрда Бишкектин Жал кичи районунда КРнын Коргоо министрлигинин офицерлерине батирлер тапшырылды.


Бүгүн, 3-сентябрда Бишкектин Жал кичи районунда КРнын Коргоо министрлигинин офицерлерине батирлер тапшырылды.

Салтанаттуу иш-чарада вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, Башкы штабдын башчысы Асанбек Алымкожоев, Жогорку Кеңештин депутаттары, аскер кызматкерлери жана алардын туугандары офицерлердин кубанычына күбө болушту.

Коргоо министрлигинин офицерлерине батирлердин ачкычтарын президент Алмазбек Атамбаев тапшырды.

Президент өз сөзүндө 2017-жылы жаңы президент шайланганга чейин аскерлердин басымдуу бөлүгү батир менен камсыздалсын деген тилеги бар экенин билдирди.

"Өзүнүн армиясын бага албаган эл башканын армиясын багат" деген сөз бар эмеспи. Ошондуктан аскерлерге ар дайым колдоо көрсөтүп турушубуз керек. Эгемендүүлүк жылдарында аскерлерге жетиштүү көңүл бурулбай келген, бирок акыркы жылдары бул багытта конкреттүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Мисалы, ушул жылдын башында КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы түзүлгөн. Орусиянын жардамы менен Коргоо министрлиги керектүү заманбап аскердик техника менен камсыздалып жатат. Бүгүнкү күнү республика боюнча аскер кызматкерлерине көп батирлүү 15 турак үй курулууда",- деди А.Атамбаев.

Батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи

Батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи

Президент кызыл лентаны кести.

Иш-чаранын жүрүшүнөн...

Иш-чаранын жүрүшүнөн...

КРнын Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев офицерлерге батирлердин ачкычтарын тапшырып жатат.

КРнын Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев офицерлерге батирлердин ачкычтарын тапшырып жатат.

9 кабаттуу турак үйлөрдөгү лифттер...


Батирлердин бири

Батирлердин бири





КРнын Коргоо министрлигинин Медициналык кызматынын башчысы Аманбай Матисаков бир уул жана эки кыздын атасы. Анын айтымында, ал 20 жыл бою аскер кызматында иштеп, үй-бүлөсү менен бир бөлмөлүү батирде жашачу. "Мен абдан ыраазымын. Келе жаткан ишемби күнү эмеректерди толугу менен алып келели деген ниетибиз бар",- деди ал.

КРнын Коргоо министрлигинин Медициналык кызматынын башчысы Аманбай Матисаков бир уул жана эки кыздын атасы.

Айрым офицерлердин туугандары чачыла чачышты.



Үйлөрдүн ички көрүнүшү

Үйлөрдүн ички көрүнүшү


Короодогу селкинчектер...

Короодогу балдар аянтчасы...
Бүгүн, 3-сентябрда Бишкектин Жал кичи районунда КРнын Коргоо министрлигинин офицерлерине батирлер тапшырылды. Бул маанилүү жана жоопкерчиликтүү тапшыруу милдетин өлкө башчы Алмазбек Атамбаев аткарды.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Салтанаттуу иш-чарада вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, Башкы штабдын башчысы Асанбек Алымкожоев, Жогорку Кеңештин депутаттары, аскер кызматкерлери жана алардын туугандары офицерлердин кубанычына күбө болушту.
Президент өз сөзүндө 2017-жылы жаңы президент шайланганга чейин аскерлердин басымдуу бөлүгү батир менен камсыздалсын деген тилеги бар экенин билдирди. "Өзүнүн армиясын бага албаган эл башканын армиясын багат" деген сөз бар эмеспи. Ошондуктан аскерлерге ар дайым колдоо көрсөтүп турушубуз керек. Эгемендүүлүк жылдарында аскерлерге жетиштүү көңүл бурулбай келген, бирок акыркы жылдары бул багытта конкреттүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Мисалы, ушул жылдын башында КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы түзүлгөн. Орусиянын жардамы менен Коргоо министрлиги керектүү заманбап аскердик техника менен камсыздалып жатат. Бүгүнкү күнү республика боюнча аскер кызматкерлерине көп батирлүү 15 турак үй курулууда",- деди А.Атамбаев.
Андан соң ал Коргоо министрлигинин офицерлерине батирлердин ачкычтарын тапшыра баштады. Мындан кийин ал короодо бир эле селкинчек бар экенин байкап, аскер кызматкерлеринин балдары талашып кетпесин деген ниети менен дагы үч селкинчек тургузууну буюрду.
Өз батирлерине кирген офицерлер кубанычын ичине батыра албай журналисттер менен маек кура башташты. Айрым үй-бүлөлөр батирлерине кирип чачыла чачышса, башкалар арча түтөтүштү.
КРнын Коргоо министрлигинин Медициналык кызматынын башчысы Аманбай Матисаков бир уул жана эки кыздын атасы. Анын айтымында, ал 20 жыл бою аскер кызматында иштеп, үй-бүлөсү менен бир бөлмөлүү батирде жашачу. "Мен абдан ыраазымын. Келе жаткан ишемби күнү эмеректерди толугу менен алып келели деген ниетибиз бар",- деди ал.
Подполковник Максат Базарбаевдин келинчегинин айтымында, алар да 20 жыл ичинде батирлеп жүрүшчү экен. "Биз абдан кубанычтабыз. Батир бизге аябай жакты. Бардык аскер кызматкерлери турак жайлуу болушун тилейбиз",- дешти түгөйлөр.
Айта кетсек, 2011-жылдын 24-апрелинде Кытай менен Кыргызстандын Коргоо министрликтери көп кабаттуу үй куруу боюнча долбоорго кол коюшкан. Жалпысынан 108 батир берилди. Офицерлерди 12 адамдан турган атайын комиссия тандап алган. Көп балалуу жана аскердик жетишкендиктерине карап батир берүү чечими кабыл алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
6

Комментарийлер(9)
Dadin1

03.09.2014. 13:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Жакшылап текшеруу жузгузсо уй алган офицерлердин 90% нин устундо уйлору бар болуп чыгат.Бардыгы эски кайталанма жуздор.Эн окунучтуусу баягы батирден батирге кочуп жашаган байкуштар,дагы деле уйу жок,уй ала албай колокодо корунбой калып кетишиптирда...
Dadin1 түзөттү 03.09.2014 14:01
nur-patriot

03.09.2014. 14:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Абдан сонун болуптур! Биздин мекенибизди коргогон аскерлер бактылуу болушсун.
bossmos7

03.09.2014. 14:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаны конуш куттуу болсун! Мекендеги чеп бек болсун!
Ganibal87

03.09.2014. 14:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Квартира берилгени жакшы мурда еле берилиш керек болчу еми ошого жараша адилеттуу болуштурсо друс болот шапка бергендерге берип калганына бербей койбой
aibek123

03.09.2014. 14:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
жалан палковниктер уй алышканбы эмнеге пропоршиктер албайт
Dadin1

03.09.2014. 15:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
aibek123, алардын уйлору бар..)))байкуш полковник,генералдар уйу жок батирден батирге кочуп кун коруп келишкен да..)))
Arti

03.09.2014. 14:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кубанычтуу кабар экен. Бул жакта турган мен үй алгандай болуп кеттим. Акжолтой үй болсун! Бактылуу болгула.
chali

03.09.2014. 14:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Үйүңүздөр куттуу болсун урматтуу тартип сакчылары!
Мэри

03.09.2014. 14:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы кабар экен. Үй алгандардын үйү кут болсун!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.