super.kg logo
  Саясат  

Менчик жерлерди банктарга күрөөгө коюу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

 

Парламентте “КРнын Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Кыргызстандагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору талкууга алынды. Депутаттардын талкуусунан соң добуш берүүгө жиберилди.

Мыйзам долбоордун демилгечиси депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, мыйзамда насыясын төлөй албай калгандардын күрөөгө коюлган жерлери банктардын менчигине өтүп, ал жерлерди банктар 3 жылдын ичинде сата турган мөөнөтүн 1 жылга түшүрүү сунуш кылынат. “3 жыл ичинде жер тилкесине төлөнүүчү төлөмдөр токтоп калат. Банктарды менчикке албай туруп күрөөгө койгон адам менен сүйлөшүүгө мажбурлап жатабыз”,- деди Рыспаев.

Спикер Жээнбеков менчик жерлерди күрөөгө 1 жылга коюу керек деп, ал 4-чакырылышта катуу талкууга алынганын кошумча кылды. 

Улуттук банк тарабынан банктардын менчигине өткөн жерлерди сатуу мөөнөтүн 2 жыл деп белгилөө сунушталганын айтып: "Бир жылга десек, чоң чыр чыгат. Бирок коммерциялык банктар күрөөгө жер албай жатат. 2010-жылдан бери өлкөдөгү 3 гана банк беш жарым миллион сомго жер алган",- деди Абдыгулов.  

Бул жагдай 2-окууда тармактык комитеттин талкуусунда тактала турган болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: