super.kg logo
  Саясат  

Оштун мэри түштүк кореялык компаниянын президенти Ли Хо Сок менен жолугушуп, шаарды жарыктандыруу маселесин сүйлөштү

 
Ош шаарынын негизги көчөлөрүнө электр энергиясын үнөмдөөчү лампалар коюла баштайт. Муну 3-сентябрда шаар башчысы Айтмамат Кадырбаевге шилтеме берүү менен Ош шаардык мэриясы кабарлады. Быйыл шаардын Салиева көчөсүнө аталган типтеги 50 даана лампа тагылмакчы. Шаардын көчөлөрүндөгү лампалар алмаштырылса, электр энергиясы эки эсе үнөмдөлө турганын айткан мэр: "Азыркы лампалардын иштөө мөөнөтү 10 жыл болсо, жаңы лампалардыкы 16 жыл болот",- деп кошумчалайт. 
Маалыматка таянсак, Ош шаарынын башчысы бүгүн Түштүк Кореянын "Vision Tech" компаниясынын президенти Ли Хо Сок менен жолугушуп, шаарды өнүктүрүү долбоорунун тегерегинде пикир алышты. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: