Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов жол белгилерин көзгө даана көрүнө турган кылып оңдоону сунуштады
Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов көчөнүн жөө адамдар өтүүчү бөлүгүндөгү жол белгилерин көзгө даана көрүнө тургандай кылууну сунуштады. Муну шаар башчысы бүгүн, 3-сентябрда өзүнүн интернет баракчасы аркылуу жарыялады. Шаарда жол белгилери абдан жетишсиз экенин белгилеген мэр буларды айтат:
"Көпчүлүк белгилер өтө начар абалда жана жаңылоону талап кылат. Өзгөчө көңүлдү жолдун жөө жүрүүчүлөр өтүүчү бөлүгүнө жана мектептердин жанына бурушубуз керек. Белгилердин басымдуу бөлүгү анча көрүнө бербейт. Бул жөө адамдар жана балдар үчүн коркунуч жаратат. Ошондуктан мен белгилерди көзгө даана көрүнгүдөй кылууну сунуштадым".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

