super.kg logo

Ысык-Көлдө күн батареялары аркылуу энергия менен камсыздалган мектеп ачылат

 

10-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ак-Кочкор айылында О.Эсенканов атындагы жаңы мектептин ачылышы болот. Бул окуу жайды энергия менен камсыздоо үчүн инновациялык технологиялар орнотулган. Тактап айтканда, мектеп күн батареялары аркылуу энергия алат. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда германиялык Жарандык коомду колдоо боюнча фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул окуу жай 170 окуучуга ылайыкталган. Анда 22 мугалим жана 6 техникалык адис иштейт. “Энергиянын альтернативдик булактары боюнча долбоор жергиликтүү бийлик түзүмдөрүнүн, жарандык коомдун жана Эл аралык кызматташтык боюнча германиялык уюмдун колдоосу менен ишке ашырылды” деп билдирди басма сөз кызматы.

Мындан тышкары мекеме жабдууларды сатып алууга жана орнотуу иштерине 2,2 миллион сом бөлүнгөнүн баса белгиледи. Айта кетчү нерсе, буга чейин жаңы мектептин ордунда дүкөн жайгашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: