super.kg logo

Атаандаштыкка туруштук берүү боюнча жалпы дүйнөлүк рейтингде 144 мамлекеттин арасынан Кыргызстан 108-орунда жайгашты

 

2014-2015-жылдарга экономикалык атаандаштыкка туруштук берүү боюнча жалпы дүйнөлүк рейтингде 144 мамлекеттин арасынан Кыргызстан 108-орунда жайгашты. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Жалпы дүйнөлүк экономикалык форумунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган рейтинг боюнча Кыргызстан дүйнөдө атаандаштыкка туруштук бере албаган мамлекеттердин бири болуп саналат. Анын жанында Бангладеш, Суринам, Кот д’Иваур, Лесото жана Габон сыяктуу өлкөлөр жайгашты. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин арасында мыкты көрсөткүчкө Азербайжан (38-орун) ээ болсо, эң начар көрсөткүчтү Кыргызстан (108-орун) көрсөттү.

Тажикстан Кыргызстандан 17 орунга жогорураак жайгашып, 91-орунда турат. Украина 84-орун, Орусия 53-орун, Казакстан 50-орунда жайгашты.

Ошол эле учурда Кыргызстан былтыркы жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 13 орунга көтөрүлүп, КМШга мүчө мамлекеттердин арасынан мыктысы болуп чыкты. 

Жеке ишкерликти жүргүзүүдө тоскоолдук көрсөткөн эң көйгөйлүү себептер катары коррупция, каржылоого мүмкүнчүлүк түзүү, пайдасыз мамлекеттик бюрократия жана салык тартиби экени аныкталды. Аталган рейтингди түзүүдө адистер инфраструктураны, макроэкономикалык чөйрөнү, инновациялардын колдонулушун, каржы рыногунун өнүгүшүн, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарын эске алышты.

Айта кетсек, 2014-2015-жылдарга атаандаштыкка туруштук берүү боюнча жалпы дүйнөлүк рейтингдин эң жогорку орундарында Швейцария, Сингапур, АКШ жайгашты. Ал эми Йемен, Чад жана Гвинея рейтингдин арткы катарларында болууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
03.09.2014. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажикстандан да калып кетиптиргоо
03.09.2014. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз тажикистандан ойдобуз десек алардан да томон екенбиз кайра кайра болгон призденттик шайлоо митингдин пайдасы
03.09.2014. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ооба азыр Кыргызстан оор мезгилди башынан откоруп жатат. Бирок келечек алдыда биздин жаштардын колунда.Мен ишенем Кыргызстан алдынкы онуккон мамлекеттердин катарына кошулат.
03.09.2014. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубанган жокмун
04.09.2014. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанга жарашат, алдыга чыгып кетсек болбой калат го.
04.09.2014. 07:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде которулгондорду бутунан тартып тушуруп кое берсек алдыга жылмак белек. Жогоруда Кыргызстандын келечегин ойлогондор иштебей эле,акчанын артынан жургондор иштеп жатса онолмок белек. Мээси иштегендерди кырып,кок мээлер иштеп жатса,онолмок белек...ууф
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: