super.kg logo
  Саясат  

Төрөбай Зулпукаров: "Хиджаб кийген окуучуларга кысым көрсөткөн мектеп директорлоруна кылмыш ишин козгош керек"

 

Депутат Төрөбай Зулпукаров парламенттин 4-сентябрдагы жыйынында мектеп формасы боюнча маселеге токтолду. Бул темада депутаттардын билим берүү жана илим министри Канат Садыковго жиберген катынын жообун талап кылды.

Мектеп формалары боюнча бир топ маселе көтөрүлүп жатат. 31-апрелде жыйырма депутат министр Канат Садыковго мектеп окуучуларынын эркиндиктери, укуктары сакталуусун талап кылган кат жибергенбиз. Конституциялык нормада ар бала акыл-эсин, ички руханий, ыймандык жана социалдык өнүгүүсүнө зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу экени жазылуу. Ошондой эле эркиндиктери жана укуктары эң жогорку баалуулук болот. Биз айрым учурда аша чаап кетип жатабыз. Диний көз карашына кысым көрсөткөн туура эмес. Конституциялык нормалар тепселенип жатса, мектеп директорлоруна прокуратура кылмыш ишин козгошу керек. Эгерде муну каалабай жатсаңар, мыйзамды өзгөртүш керек. Биз мамлекеттик башкарууга динди аралаштырбайбыз. Бирок дин эркиндигин бергенбиз”,- деди эл өкүлү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: