super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар “биз ушул кезге чейин сууну үнөмдүү пайдалана албай жатабыз” дешти

 

Өкмөттүн шалаакылыгынан улам Кыргызстан өзүнүн энергетикалык мүмкүнчүлүгүн толук пайдалана албай жатат”, - дейт депутат Абдыманап Кутушев. Ал бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин 4-сентябрдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкө аймагындагы чакан дарыялардын жалпы энергетикалык кубаты 500 мегаваттка жетет. Бул азыр пайдаланылып жаткан ГЭСтердин кубатынан алда канча көптүк кылат.

Мисалы, Чоң-Кемин дарыясына 4 чакан ГЭС каскадын куруу долбоору иштелип чыккан. Европа өнүктүрүү банкы бул багытта 30 миллион евро көлөмүндө каражат бөлүп берүүгө даяр. Бирок биздин өкмөт жетекчилигинин ага анчалык кызыкдар болбой жатканы айтылууда. Энергетикалык каатчылык маалында чакан ГЭСтердин чечүүчү мааниге ээ болорун эл тажрыйбада эбак эле далилдеген. Биз ушул кезге чейин же сууну, же шамалды натыйжалуу пайдалана албай келебиз,- дейт Кутушев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: