"Кыргызстанда тажрыйба бар, Орусия менен Украинага ортомчу болушу керек" деди Турсунбай Бакир уулу
Жогорку Кеңештин 4-сентябрдагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу Кыргызстан Орусия менен Украинаны элдештириши керектигин айтып чыкты. Депутат чатакташкан тараптарды элдештирүү жаатында Кыргызстанда тажрыйба бар экенин белгилейт. "1992-жылы Кыргызстандын президентинин кийлигишүүсү менен Тажикстанда эки тарап элдешкен. Орусия менен Украинага азыр Америка ортомчу болууда. Мен президент менен спикерге аталган өлкөлөрдү жараштырууну сунуштайм",- деп билдирди Бакир уулу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















