super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Өкмөт калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого тийиш"

 

Жогорку Кеңештин 4-сентябрдагы жыйынынын "Ар түрдүү маселелер" бөлүгүн жыйынтыктап жатып төрага Асылбек Жээнбеков депутаттар тарабынан козголгон айрым маселелерге карата өз пикирин билдирди. Суу көйгөйүнө токтолгон спикер бул жаатта өкмөттүн узак мөөнөттүү программасы болушу керектигин билдирди. "Сууну сактоо жана үнөмдүү пайдалануу багытында так программа болушу абзел. Айыл чарбасына суу жеткире албаса, айыл чарбасы өнүкпөйт, өндүрүшкө электр энергиясын жеткире албасак, экономика өнүкпөйт. Өкмөт ушул багытта иш алып барышы зарыл",- деген төрага өкмөт калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого бардык күчүн жумшоого тийиш экенин айтты. 

Жээнбеков өкмөттүн кышка карата даярдыгы парламентте кеңири талкууланарын эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: