super.kg logo
  Саясат  

Өкмөткө Бажы биримдигине кирүү боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушу берилди

 

Бүгүн, 4-сентябрда парламент отурумунда депутат Чолпон Султанбекова өкмөткө эл арасында Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуш кылды. Айтымында, коомдо Бажы биримдиги боюнча түшүнүк аз болгондуктан, ар кандай туура эмес пикирлер жаралып жатат. Элде Бажы биримдиги боюнча туура эмес түшүнүктөр пайда болуп жатат. Бул, албетте, туура эмес маалыматтардын жетип жатканынан улам болууда. Мисалы, "баалар жогорулап кетет", "азык-түлүктөргө карата баа өсөт" деген кептер бар. Өкмөт азыртадан эл менен сүйлөшүп, туура маалымат жеткирсе жакшы болот. Эртең ар кандай сөздөр күчөп кетпеши керек”,- деди Султанбекова. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: