super.kg logo
  Саясат  

Исмаил Исаков: "Ички иштер министрин кол алдындагы кызматкерлери телевизордон гана көрүшөт экен"

 
Жогорку Кеңештин 4-сентябрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков Ички иштер министрлигинин ишин сынга алды. Депутат аталган министрликтин кызматкерлери менен кылмышка шектүүлөрдүн тамагына бөлүнгөн акчанын айырмасына нааразы. Айтымында, СИЗОдо отургандардын тамагы үчүн күнүнө 110 сом, ал эми министрликтин кызматкерлери үчүн 34 сом бөлүнөт. "Милиция кызматкерлерине алар кармаган кылмышкерлердикинен да аз акча бөлүнүүдө. Бул эмне деген саясат? Мен кызматкерлерден "Өзүңөрдүн министриңерди бир жолу болсо да көрдүңөр беле?" деп сурасам, телевизордон гана көрөрүн айтышты. Мындай министр иштен кетип калышы керек",- дейт Исаков.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: