super.kg logo

Борбор калаада “Абайлагыла, балдар!” урааны менен автожарыш өткөрүлдү

 

Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгы Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын башкармалыгы менен биргеликте 3-сентябрда “Абайлагыла, балдар!” урааны менен автожарыш өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Борбордун эски аянтында жана “Ататүрк” сейил багында окуучулар айдоочулар менен жөө жүрүүчүлөргө үгүт иштерин жүргүзүп, жол эрежелерин сактаган балдарга балмуздактар таратылып берилди. Иш-чарага шаардын мектептеринен 40 окуучу катышып, Горький, Абдрахманов, Тынчтык проспекти жана Ахунбаев көчөлөрүндө өткөрүлдү. Автожарыштын максаты - айдоочуларга жана жөө жүрүүчүлөргө жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакыруу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: