super.kg logo

"Кыргызстанга инвестицияларды тартууда массалык маалымат каражаттарынын ролу чоң" дейт Эл аралык ишкерлер кеңешинин башчысы

 

Бүгүн, 4-сентябрда Бишкекте Кыргызстанга түз инвестицияларды тартуу жана ишкердик маселелери боюнча иш-чара өтүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу башчысы Актилек Тунгатаров: “Кыргызстандагы министрликтер даярдаган бир нече жакшы мыйзам долбоорлор бар. Бирок элге туура жеткирилип берилбегендиктен жана депутаттар тарабынан негизсиз сынга алынгандыктан, алар ишке ашпай калууда”,- деп билдирди.

Мындан тышкары ал Казакстанда коррупциянын деңгээли Кыргызстанга салыштырмалуу бир топ жогору экенин айтты. “Кыргыз эли өлкөбүздө коррупция өтө чоң деп ойлошот. Кандайдыр бир тендер өтүп жатканда же мыйзам долбоору каралып жатканда чет өлкөлөрдө да пара алуу менен өтөт”,- деп толуктады Тунгатаров.

"Кыргызстанда орун алган төңкөрүштөрдүн айынан инвесторлор өлкөгө акча каражат бөлүүдөн баш тартышууда. Инвестицияларды тартууда ММКлардын да ролу чоң. Эгер жалаң терс маалыматтар чыга берсе, инвестор Кыргызстан жөнүндө жаман ойлоп баштайт. Жакшы кабарлар да көп-көп чыгып турушу керек",- деди А.Тунгатаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: