Кубанычбек Кулматов Самсун жана Трабзон шаарларынын мэрлери менен жолугушту



Бишкек шаарында 2-сентябрдан 7-сентябрга чейин Түрк дүйнөсүнүн инженерия, архитектура жана шаар куруу боюнча VI курултайы өтүүдө. Иш-чаранын алкагында борбор калаанын мэри Кубанычбек Кулматов Самсун жана Трабзон шаарларынын мэрлери Юсуф Зия Йылмаз, Орхан Февзи Гумрукчуоглу менен жолугушту. Бул тууралуу 4-сентябрда мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушууда тараптар шаардын айланасын тазалоо, шаар куруу, экономика, социалдык тармак жана транспорт жаатындагы көйгөйлөрдү талкууга алышты.
Кубанычбек Кулматов: "Биздин өлкөдө өтүп жаткан VI курултай Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга шарт түзөт. Ошондой эле курултайдын катышуучулары тажрыйбалары менен бөлүшүшөт",- деп билдирди.Трабзон шаарынын мэри Орхан Февзи Гумрукчуоглу өткөн жылы Бишкек делегациясынын Түркияга болгон расмий иш сапарында кызматташуу жөнүндө протоколго кол коюлганын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:41
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.