super.kg logo

MegaCom Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө колдоо көрсөтөт

 

Үстүбүздөгү жылдын 9-сентябрында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алат. Бул оюндар Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата курорттук шаарынын ат майданында жана “Рух-Ордо” маданий борборунун аймагында орун алмакчы.

I Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары - буга чейин өткөрүлбөгөн уникалдуу эл аралык долбоор. Анда көчмөн элдеринин көк бөрү, күрөш, алыш, тогуз коргоол, эр эңиш, кунан чабыш, аламан байге, жорго салыш, ордо аталышындагы улуттук оюндары боюнча өзгөчө жана кызыктуу мелдештер өтөт. Иш-чарага бир канча өлкөлөрдөн спорттук делегациялар катышышат.

Өлкөбүздүн эң кооз жерлеринин биринде өтчү спорттук таймаштарды жалпы дүйнө боюнча 20 миңден ашуун адам көрөт. Бүткүл дүйнөлүк оюндары OnlineTV аркылуу көрсөтүлөт. Ал эми MegaCom’дун абоненттери спорттун улуттук түрлөрүнүн өнүгүшү, дени сак жашоого үгүттөө жана өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатууга багытталган ири иш-чараны түз эфирде көрө алышат. Айта кетсек, MegaCom компаниясынын кызматкери Эмил Жоробеков күрөш боюнча мелдеште Кыргызстандын атынан чыгат.

MegaCom башка уюмдар менен биргеликте мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаранын башкы өнөктөшү болуп, ушул уникалдуу маданий иш-чараны өткөрүүдө ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатат. Маселен, улуттук байланыш оператору Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучуларын, катышуучуларын жана көптөгөн конокторун туруктуу мобилдүү байланыш жана интернет менен камсыздайт. Аталган ишти аткаруу үчүн Megacom тармактын көлөмүн жогорулатты жана жаңы базалык станцияларды орнотту. Көптөгөн конокторго ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатында спорттук мелдештер учурунда Megacom компаниясынын мобилдик промоутер топтору иш жүргүзүшөт. Ар бир каалоочу тармакка кошулуп, негизги кызматтар боюнча кеңештерди ала алышат.

MegaCom түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданий мурастарын өнүктүрүүгө жана сактоого умтулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
05.09.2014. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Колдо жатам. Бекер жатпай, ушул саамалыкты коруп келсем окшойт деп ойлойм да)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: