super.kg logo

Украинада жарылган малайзиялык Боинг учагы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы 9-сентябрда жарыяланат

 

Украинанын Донецк облусунда жарылган Боинг учагы боюнча иликтөөнүн алдын ала чыгарылган жыйынтыктары 9-сентябрда коомчулукка жарыяланат. Мындай маалыматты Нидерландынын Коопсуздук кеңеши таратканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Докладда Коопсуздук кеңештин маалымат булактары тарабынан алынган фактылар көрсөтүлөрү белгилүү болду. Ал эми кырсык боюнча тергөө амалдары бүткөндөн кийин иликтөөнүн жыйынтыгы толугу менен 2015-жылдын жай айларында жарыяланат. 

Бул арада Малайзия учак жарылган Донецк облусунда согуштук аракеттерди токтотууга чакырып жатат. Өлкөнүн премьер-министри Наджиб Разак: "Жарылуу болгон аймактагы ар бир далил биз үчүн маанилүү. Курман болгондор толугу менен жакындарына өткөрүлүп берилмейинче биз тынчып кала албайбыз",- дейт.

Эске салсак, Украинанын Донецк облусунда 17-июлда малайзиялык Боинг 777 учагы жарылып, 298 адам көз жумган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: