super.kg logo
  Саясат  

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын кышка даярдоо боюнча өкмөт штаб түздү

 
Кыргызстандын өкмөтү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча ыкчам штаб түздү. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев 28-августта кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Штабга жүктөлгөн милдеттер: 
1. Жаратылыш газы жок отурган Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы тургундарды электр энергиясы менен татыктуу камсыз кылуу маселелерине сапаттуу жана өз учурунда чечимдерди кабыл алуу;
2. Күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн облус башчыларынын иш планын ишке ашырууга чараларды көрүү;
3. Электр жана жылуулук түйүндөрүнүн жылытуу мезгилине даярдыгына жана абоненттерди суюлтулган газ, электр плиталары менен камсыздоого мониторинг жүргүзүү. 
Штабдын курамы 17 адамдан турат. Анын ичинде Энергетика министрлигинин, Ош мэриясынын жана тийиштүү мекеме, ишканалардын өкүлдөрү бар. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: