super.kg logo

Садовое айылында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге окуу борбору ачылды, эми алар интернетке кирүүнү үйрөнүшөт (фоторепортаж)

 
Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга Реабилитациялык-окуу борбору ачылды.
Иш-чарага КРнын Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, аталган борбордун жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айылдын тургундары катышышты.
Иш-чарага КРнын Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, аталган борбордун жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айылдын тургундары катышышты.
“Бул жерде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар тигүүнү, компьютерди колдонууну үйрөнүп, психолог менен сүйлөшө алышат. Мындан тышкары аларга массаж жасоо жана логопед кызматын киргизүү пландалууда".
Садовое айылынын тургундары
Бул ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын аты Ринат. Ал бүгүнкү иш-чаранын башкы каарманы болду.
Иш-чара кызыл лентаны кесүү менен коштолду.
Иш-чара кызыл лентаны кесүү менен коштолду.
Иш-чаранын жүрүшүнөн...
Иш-чаранын жүрүшүнөн...
Реабилитациялык-окуу борбору 5 кенен бөлмөдөн турат. Бул бөлмөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендер компьютерди колдонууну үйрөнө алышат.
Мындан тышкары борбордо бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалган ашкана да бар.
Бул эс алуучу бөлмө. Ушул жумшак диванга отуруп, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендер психолог менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.
Реабилитациялык-окуу борбору ачыла электе имарат ушундай абалда болгон экен.
Реабилитациялык-окуу борбору ачыла электе имарат ушундай абалда болгон экен.
Реабилитациялык-окуу борбору ачыла электе имарат ушундай абалда болгон экен.
Реабилитациялык-окуу борбору ачыла электе имарат ушундай абалда болгон экен.
Садовое айыл өкмөтүнүн башчысы Муратбек Дөөлөткуловдун айтымында, жаңы ачылган окуу жайдын имараты жараксыз абалда болчу. “Оңдоо иштери 2-3 ай жүрдү. Бул имараттын жанында бош турган 20 сотук жер тилкени окуу борборуна берүүгө даярбыз. Ал эми имараттын ижарасын жакынкы жылдарга акысыз кылууну макулдашканбыз”,- деди ал.
Реабилитациялык-окуу борборунун кызматкерлери...

Бүгүн, 5-сентябрда Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга Реабилитациялык-окуу борбору ачылды. Иш-чарага КРнын Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, аталган борбордун жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айылдын тургундары катышышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө К.Базарбаев бул окуу борборуна бардык курактагы мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар келе алышарын билдирди. “Бул жерде алар тигүүнү, компьютерди колдонууну үйрөнүп жана психолог менен сүйлөшө алышат. Мындан тышкары массаж жасоо жана логопед кызматын киргизүү пландалууда. Окуу жайдын ишмердүүлүгүнүн негизги максаты - алардын жашоосун кызыктуу жана пайдалуу кылуу”,- деди министр. Андан соң ал өзү жетектеген министрлик тарабынан Реабилитациялык-окуу борборуна 1,3 миллион сом акча каражаты бөлүнгөнүн баса белгиледи.

Садовое айылынын өкмөтүнүн башчысы Муратбек Дөөлөткуловдун айтымында, жаңы ачылган окуу жайдын имараты жараксыз абалда болчу. “Оңдоо иштери 2-3 ай жүрдү. Бул имараттын жанында бош турган 20 сотук жер тилкени окуу борборуна берүүгө даярбыз. Ал эми имараттын ижарасын жакынкы жылдарга акысыз кылууну макулдашканбыз”,- деди ал.

Реабилитациялык-окуу борбору 5 кенен бөлмөдөн турат. Биринде мүмкүнчүлүктөрү чектелгендер компьютерди колдонууну үйрөнүшсө, экинчисинде психолог менен маектешишет. Башка бөлмөдө тигүүчү машиналар турат. Ал жерде өздөрү каалаган нерселерди тиге алышат. Мындан тышкары борбордо бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалган ашкана да бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
05.09.2014. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мен бул айылда тааныштарым жашайт. барып куттуктап келейин )) А так жакшы салыныптыр!
05.09.2014. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эн жакшы
07.09.2014. 07:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн мыкты! Биздин Ош обласынын Ноокат районун Он Эки Бел айыл окмотундо Ден соолугунун мумкунчулугу чектелген балдар учун Бизге АДКА БДКА ЖАНА YOUTH OF OSH Демилгелери менен биргеликте Мончо жана алар учун тигуу цехи жана окуу борборуу ачылган.
08.09.2014. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tursunmurat1991www - эскертүү!
Бир же бир нече бөлүмдө бир нече окшош (жазылышы гана эмес, мааниси да) билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: