super.kg logo
  Саясат  

Министр Камила Талиева Чолпон-Атадагы бүтө элек ипподромду "даяр" деп жалган айтты

 
Ипподром оюн башталгыча даяр болору айтылууда.

Бүгүн, 5-сентябрда маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева радиолордун биринде маек берип жатып эл чочулабай эле койсун, расмий түрдө айтам, Чолпон-Атадагы ипподром даяр” деп билдирди. Айта кетсек, 3 күндөн кийин аталган ипподромдо Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталат. Азыр бул долбоорго даярбызбы деген маселе ар бир кыргыздын жүрөгүн өйүп турат. Ат майдан даяр. Бул жагынан эч ким чочулабай эле койсун. Буюрса, эртең Чолпон-Атада биз, уюштуруу комитети жыйын өткөрөбүз”,- деди министр. Бирок Чолпон-Ата ипподромунда иштер кызуу уланып жаткан чак, Талиева айткандай даяр эмес. 

Муну аталган оюндарды уюштуруу комитетинин штаб башчысы Акылбек Жаныбеков да тастыктады. “Баары “нормальный” эле. Ат майдандагы отургучтар бүгүн коюлат. А калгандарын эртең актап, сырдап коёбуз. Ошону менен даяр болот”,- деди ал. Интернетке чыккан айрым акыркы учурдагы сүрөттөр да ипподром даяр эмес экенин көрсөтүүдө. Талиева угармандарды алдабай, "оюндар башталгыча ипподром даяр болот" десе жарашмак. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: