Жылнаама, 6-сентябрь: Мындан 27 жыл мурун АКШнын Балтимор шаарында сиам эгиздери дүйнөдө биринчи жолу хирургиялык жол менен ажыратылган
* Мындан 41 жыл мурун, 1973-жылы советтик жана орусиялык ырчы, “Ласковый май” тобунун солисти Юрий Шатунов Башкортостандын Кумертау шаарында төрөлгөн. “Ласковый май” тобу "Белые розы", “Месяц июль”, “Метель в чужом городе", “Звёздная ночь”, “Розовый вечер” альбомдору менен бүтүндөй совет элинин жүрөгүн багындырган.
* Мындан 27 жыл мурун, 1987-жылы АКШнын Балтимор шаарында сиам эгиздери дүйнөдө биринчи жолу хирургиялык жол менен ажыратылган. Нигериялык Хуссаин жана Хассана аттуу эгиз кыздарды бөлүү операциясына индиялык 40 дарыгер катышып, операция 18 саатка созулган.
* Мындан 7 жыл мурун, 2007-жылы Италиянын опера ырчысы, тенор Лучано Паваротти 71 жашында Италиянын Модена шаарында көз жумган. Ал 2006-жылдан бери карын алдындагы бездин рак дартынан жапа чегип келген.6-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















