Украинанын чыгышында согуштук чабуулдарды токтотуу чечими кабыл алынды
Украинанын чыгышында согуштук аракеттер токтоду. Эки тарап макулдашкан тийиштүү протоколго 5-сентябрь күнү Минскте кол коюлду. Документке кол коюу иш-чарасына Украинанын мурунку президенти Леонид Кучма, Орусиянын Украинадагы элчиси Михаил Зурабов, ЕККУнун өкүлү Хайди Тальявини, Донецктин элдик премьери Александр Захарченко, Луганск Элдик Республикасынын лидери Игорь Плотницкий катышканын чет элдик ММКлар жарыялашты. Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин өкүлү Андрей Лысенко буларды билдирет: "Украина президенти кабыл алган чечимге жана Украинанын аскер бөлүмдөрүнүн Башкы штабынын буйругуна ылайык, Киев убактысы боюнча саат 18:00дө согуштук аракеттер токтотулду".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

