super.kg logo

Чаткалда алтын казган кытайлык ишкананын 5,5 килограмм алтынын белгисиз бет капчан адамдар тоноп кетишти

 

6-сентябрь күнү Чаткалда алтын казган кытайлык ишкананы белгисиз бет капчан адамдар тоноп кетишти. Бул тууралуу Чаткал районунун тургуну бүгүн, 8-сентябрда SUPER.KG порталына билдиришти.

Район тургунунун айтымында, “Фонта” ишканасынын кеңсесине бет капчан эки жигит кирип, компаниянын бир күндүк алтынын тоноп кетишкен. Алар ок атуучу курал менен кароолчусун ичке атып, дагы бир кызматкеринин акырегин сындырышкан. Андан соң ишканага таандык унааны айдай качып, Кара-Кысмак деген жерге чейин барышкан. Кийин изин жашырып кетишкен. 

Бул маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы да тастыктады. Ошондой эле бир аздан соң толук маалымат беришерин айтышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.09.2014. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура кылышыптыр. Чаткалдын тоолору бут алтын, ошол эл байлыгы коз коруно "мыйзамдуу" тонолуп, алтындар кытай-казактар менен бийликтегилердин чонтогуно тушуудо, жаш балага упчу эмизгендей кенге жакын айыл-кыштактардын жолдорун ондоп, мектеп, оорукана куруп берип койот, ошол менен элдин оозу да жабылат. Ал жердеги казылып ташылып кетип жаткан байлыкка Кыргызстан боюнча жуздогон мектеп-оорукана салса болот эле го, ошол кенди кийинки урпактарыбызга мураска калтырсак болот эле го,баарын сата бербей!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: