Ош шаарында жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады
Ош шаарында жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 8-сентябрда билдирди. Маалыматтарга караганда, Масалиев жана Монуев көчөлөрүнүн кесилишинде Хонда СРВ автоунаасы менен Фольксваген Венто үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
Окуя болгон жерге Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып Хонда СРВ унаасынын ичинен чыга албай калган айдоочусун жана жанындагы жүргүнчүсүн чыгарышып,"Тез жардам" бригадасына өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.